Сууну аз ичүү өлүм коркунучун 20 пайызга жогорулатат
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жүргүзүлгөн изилдөө "Lancet" илимий журналында жарыяланды.
Сууну аз ичкен адамдардын өлүм коркунучу сууну жетиштүү ичкендерге караганда 20 пайызга жогору экени аныкталды.
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жүргүзүлгөн изилдөө "Lancet" илимий журналында жарыяланды.
АКШдагы Улуттук Саламаттыкты сактоо Институтунун изилдөөчүлөр тобу 25 жыл бою 11 миң АКШлыктын көрсөткүчтөрүн чогултушту.
Окумуштуулар алардын канындагы натрийдин деңгээлине байкоо жүргүзүү менен орточо суу керектөөсүн аныкташты.
Адамдын канындагы натрийдин деңгээли канчалык жогору болсо, сууну ошончолук аз ичкенин билдирет.
Маалыматтарга караганда, канында натрийдин концентрациясы 1 литр канына 144 миллимолдон жогору болгондор, натрийдин тыгыздыгы төмөн болгондорго караганда 50 пайызга көбүрөөк картаюунун физикалык белгилерин көрсөтүштү.
Картаюунун физикалык белгилери катары жогорку холестерол, кант, кургак тери жана көздүн айланасындагы бырыштар саналат.
Илимпоздор ошондой эле канында натрий көп болгон б.а. күнүмдүк керектелүүчү сууга жете албаган адамдардын эрте өлүм коркунучу 20 пайызга жогору экенин аныкташты.
Демек, сууну аз ичкен адамдар кант диабети, жүрөк көйгөйү жана акыл-эстин бузулушу сыяктуу ооруларга көбүрөөк чалдыгышкан.
АКШнын Улуттук илимдер, инженердик жана медицина академиясынын маалыматы боюнча, күнүнө 8 стакан суу ичүү жетиштүү деп эсептелгени менен дени сак адамдын орточо сууга болгон муктаждыгы эркектерде 15,5 стакан (3,7 литр), аялдарда 11,5 стакан (2,7 литр).
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 228 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Бразилияда болгон сел
Бразилияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун саны 158ге жетти.