Израиль Коргоо министрлиги бюджетинин көбөйтүлүшүн талап кылды

Израилдин Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (KAN) аты аталбаган коопсуздук булагына таянып, бул темада кабар жарыялады.

1927068
Израиль Коргоо министрлиги бюджетинин көбөйтүлүшүн талап кылды

Израилдин Коргоо министрлигинин Иранга карата ыктымалдуу кол салууга даярдануу үчүн бюджетинин көбөйтүлүшүн суранганы белгиленди.

Израилдин Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (KAN) аты аталбаган коопсуздук булагына таянып, бул темада кабар жарыялады.

Кабарда Коргоо министрлигинин 2023 жана 2024 - жылдар үчүн 10 миллиард шекелге (2,8 миллиард доллар) көбөйтүүнү талап кылганы, мунун учурдагы бюджеттин 12 пайыздык өсүшүнө туура келгендиги билдирилди.

Иранга карата ыктымалдуу аскердик кол салууга даярдык жана инфляциянын министрлик бюджетинде себеп болгон азаюдан улам ушундай  талаптын билдиргендиги белгиленди.

Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяхунун жаңы түзүлгөн өкмөтүнүн максаттарынын бири - Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө.

Өткөн жылы да израилдик көптөгөн жетекчилер  Иран өзөктүк куралга ээ боло турган болсо,  ыктымалдуу кол салууга даярданып жатканын айтышкан.



Тектеш кабарлар