Туткун алмашууда питбуль ити да кайтарылды

Украина Президентинин Аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак маалымат берди.

1926744
Туткун алмашууда питбуль ити да кайтарылды

31-декабрда Орусия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашууда Украинанын Мариуполь шаарындагы «Азовсталь» заводунан орус аскерлери алып кеткен питбуль итинин да Украина тарапка кайтарылганы маалымдалды.

Украинанын Президенттик Аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак өзүнүн Telegram баракчасынан, 31-декабрда орус тарап менен туткундарды алмашуунун алкагында "белгилүү" питбулл итинин да Украинага кайтарылганын билдирди.

Иттин фотосүрөтүн бөлүшкөн Ермак: «Азовсталдын атактуу итин да кайра алып келе жатабыз»,-деди.

Согуш жаңы башталган мезгилдерде орус аскерлери тарабынан Азовсталдан алынып кеткен ит Орусиянын Чечен Республикасынын президенти Рамазан Кадыровго жеткирилген болчу.

Аталган туткундарды алмаштыруунун алкагында 140 украиналык жана 82 орусиялык аскер бошотулган.

Бир тараптан Украинанын Убактылуу басып алынган жерлеринин реинтеграция министрлиги, Орусия менен туткун алмашуунун негизинде 2022-жылы 1596 украиналыктын эркиндикке чыкканын жарыялады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «2022-жылы душмандын туткунунан 1596 киши кайтарылды. 1464 аскер жана 132 жаран орус туткунунан бошотулду»,-деп айтылды.

Билдирүүдө туткундан бошотулган жарандарга мамлекет тарабынан социалдык жана медициналык колдоо көрсөтүлгөнү маалымдалды.



Тектеш кабарлар