Японияда жер көчкү болду
Жер көчкүдө 10 имарат кыйрап, 2 адам дайынсыз жоголду.
Япониянын түндүк - чыгышында болгон жер көчкүнүн кесепетинен 10 имарат кыйрап, 2 адам дайынсыз жоголду.
Ямагата провинциясынын Цуруока шаарында түн жарымында болгон жер көчкүдөн улам 10 имарат кулады.
Тоо этегинде болгон жер көчкүдөн кийин 30 метр бийиктикте жана туурасы 100 метр болгон топурак үймөгү пайда болду.
Мамлекеттик өрткө каршы кызматы жер көчкүдө жоголгон 2 адамды издеп жатканын билдирди.
Япониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн (SDF) кызматкерлери издөө - куткаруу иштери үчүн аймакка жөнөтүлдү.
NHK мамлекеттик телеканалы жер көчкүдөн мурда аймактын тургундарына эвакуациялоо чакырыгынын жасалгандыгын билдирди.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722044263)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.