Украинадан Сомалиге буудай жардамы

Андрей Ермак жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, азык-түлүк көйгөйүнө каршы Сомалиге колдоо көрсөткөндөрүн белгиледи.

1925534
Украинадан Сомалиге буудай жардамы

Украинанын Президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак, көптөн бери азык-түлүк кризиси менен күрөшүп келе жаткан Сомалиге 25 миң тонна буудай жөнөткөндөрүн билдирди.

Андрей Ермак жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Сомалиге азык-түлүк көйгөйүнө каршы колдоо көрсөткөндөрүн белгиледи.

Айыл чарба программасынын алкагында Сомалиге жөнөтүлгөн 25 миң тонна буудайдын Бербера портуна жеткенин кабарлаган Ермак: «Бул ачарчылыктын босогосунда турган африка элине Украинанын көрсөткөн жардамы»,-деди.

Билдирүүдө Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) менен биргеликте жөнөтүлгөн буудайдын логистикалык колдоосун Финляндия, Япония жана Франциянын каржылаганы маалымдалды.

Украина сентябрь айында да Сомали менен Эфиопияга 50 миң тонна буудай жөнөткөн болчу.



Тектеш кабарлар