Француз журналистинин мусулмандар тууралуу билдирүүсүнө каршы чыгуулар...

Франциянын CNEWS маалымат каналынын «Жакшы команда» программасында француз журналисти Дасье: «Мусулмандар республикага маани беришпейт, алар бул сөздүн маанисин да билишпейт»,-деп айтып кемсинткен.

1925259
Француз журналистинин мусулмандар тууралуу билдирүүсүнө каршы чыгуулар...

Француз журналисти Жан-Клод Дасьенин мусулмандар тууралуу билдирүүсү солчул саясатчылар менен француз социалдык медиа колдонуучуларынын реакциясын жаратты.

Франциянын CNEWS маалымат каналынын «Жакшы команда» программасында француз журналисти Дасье: «Мусулмандар республикага маани беришпейт, алар бул сөздүн маанисин да билишпейт»,-деген сөздү колдонгон.

Дасьенин бул билдирүүлөрү солчул саясатчылардын жана франциялык Твиттер колдонуучуларынын реакциясына алып келди.

Ашыкча солчул Баш ийбеген Франция (LFI) партиясынын депутаты Аймерик Карон Твиттерден: «Көптөн бери кабар каналы болбогон CNEWS телеканалында дагы бир жолу расисттик риторика»,- деп бөлүшүп, бул каналда «коопсуздук, иммиграция жана исламдан» башка эч кандай маселелер сөз болбогонуна көңүл бурду.

LFI депутаты Томас Портес, Дасье өзүнүн расизмин ашкерелегендигин белгиледи.

Франциялык Твиттер колдонуучусу Дасьенин бул сөздөрүнүн «кускуну келтиргенин» айтса, дагы бир колдонуучу Францияда диний көз караштан улам бир адамга же топко жалаа жабуу 1 жылга эркинен ажыратуу жана 45 миң евро менен жазаланарын эске салды.

Социалдык тармактын дагы бир колдонуучусу «Республика» деген сөздү ушундай «бөлүүүчүлүк сөздөр» үчүн колдонгон Дэсье Республика дегенди өзү түшүнбөгөнүн билдирген.



Тектеш кабарлар