Орусияга кол салуу жасалды

Украинага таандык учкучсуз аппараттын Орусиянын Саратов шаарындагы Энгельс аскердик аба базасын бутага алганы белгиленди.

1923684
Орусияга кол салуу жасалды

Орусиянын Коргоо министрлиги, Саратов шаарындагы Энгельс аскердик аба базасына учкучсуз учуучу аппараттын кол салуусунан 3 аскер кызматкеринин каза болгонун билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, украиналык учкучсуз аппараттын Орусиянын Саратов шаарындагы Энгельс аскердик аба базасын бутага алганы белгиленди.

Билдирүүдө жапыз бийиктикте учкан учкучсуз аппараттын жергиликтүү убакыт боюнча саат 01.35те абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөнү кабарланды.

Дрондун бөлүктөрүнүн базага кулашынын натыйжасында 3 кызматкердин каза болгондугу маалымдалды. Украина болсо кол салууга байланыштуу билдирүү жасаган жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги 5-декабрда Энгельс аскердик базасы менен Дягилево аскердик базасына учкучсуз аппарат менен жасалган кол салууларда 3 аскердин каза болгонун жана 2 учактын жабыркаганын кабарлаган.

Орусия Энгельс аскердик аба базасын Украинанын ар кайсы жерлерине алыс аралыкка атуучу ракеталарды учуруу үчүн колдонот.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган болчу.



Тектеш кабарлар