Песков: "АКШ чагымчыл жана колонизаторлук саясатты карманууда"

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

1923018
Песков: "АКШ чагымчыл жана колонизаторлук саясатты карманууда"

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) чагымчыл жана колонизаторлук саясатты карманып жатканын айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин тынчтык планын даярдап жатканы жөнүндөгү билдирүүлөргө баа берген Песков, бул темадан кабары жок экенин айтып: «Биз Зеленскийдин ар кандай кадамдар жана тынчтык планы боюнча билдирүүлөрүн укканбыз. Бирок булар бүгүнкү күндө пайда болгон жана көз жаздымда калтырууга мүмкүн болбой турган чындыктар эске алынбастан айтылган»,-деди.

Песков Орусиянын 24-февралдан бери уланып жаткан согушта Украинанын куралсыздануусу боюнча максаттарында олуттуу жылыш болгонун айтты.

АКШнын Украинаны өз кызыкчылыгы үчүн колдонгонуна көңүл бурган Песков: «АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы жаңы геосаясий реалдуулуктарды этибарга албай, алсыраган гегемониясын кандай болбосун сактап калууга аракет кылып, Украинаны Орусияга каршы жаңжалды улантуу үчүн жандуу бута катары колдонууда»,-деди.

Песков: «АКШнын саясаты ачык эле чагымчыл жана ар тараптан колониячыл экендиги айкын»,-деп баа берди.

 



Тектеш кабарлар