НАТО Украинадагы түрк учкучсзу учуучу аппараттарынын инновациянын жакшы үлгүсү экенин айтты
НАТОнун жаңы коопсуздук чакырыктары боюнча башкы катчысынын орун басары Дэвид Ван Вел Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарынын заманбап согушта жасала турган инновациянын жакшы үлгүсү экенин айтты.
![НАТО Украинадагы түрк учкучсзу учуучу аппараттарынын инновациянын жакшы үлгүсү экенин айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6615/b207/3460/63a2ca7e3c4f9.jpg?time=1722045153)
НАТОнун жаңы коопсуздук чакырыктары боюнча башкы катчысынын орун басары Дэвид Ван Вел Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарынын заманбап согушта жасала турган инновациянын жакшы үлгүсү экенин айтты.
Вел Анадолу агенттигине берген маалыматында Украина - Россия согушу башталган 24 - февралдан бери кибер чабуулдардын согуштагы ролу жана мааниси талкууланганын белгиледи.
Украина - Россия согушунда колдонулган бомба, учак, танк сыяктуу унаалардын «салттуу согуш» категориясына киргенин белгилеген Вел согуштун да заманбап технология менен жүргүзүлүп жатканын айтты.
Вел : "Украина - Россия согушунда колдонулган кибертехнология келечектеги согуштун бир бөлүгү бойдон калат",- деди.
Согушта жасалма интеллектти колдонуу мисалдарын бөлүшкөн Вел буларды айтты : «Мисалы украиналыктардын аянтта болгондорду дагы жакшы түшүнүүлөрүнө жардам берүү үчүн орус аскерлеринин колго түшүрүлгөн бардык телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн автоматтык түрдө которууда жана ушундайча белгилүү терминдерди же фразаларды ылдам түрдө таба алышат».
Вел Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарынын Украина - Россия согушунда чоң роль ойногондугуна токтолуп : «(Украинадагы түрк учкучсуз учактары) Менимче, алар заманбап согушта жасала турган инновациянын эң сонун үлгүлөрү»,- деди.
Баш катчынын орун басары Вел буларды белгиледи : «Учкучсуз учуучу аппараттарды заманбап согуштук учактар менен салыштырганда чоң карама - каршылыктар ортого чыгат. Учкучсуз учуучу аппараттар арзан жана жөндөмү азыраак. Бирок согуштун кай жеринде экениңизге байланыштуу конкреттүү мисалдарды бере алат".
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722045153)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.