Зеленский: «Бахмут шаарын коргоо абдан маанилүү»

Зеленский Telegram эсебинде бөлүшкөн видео кайрылуусунда Орусия менен Украинанын ортосундагы 10 айга созулган согушка байланыштуу окуяларга баа берди.

1920532
Зеленский: «Бахмут шаарын коргоо абдан маанилүү»

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз өлкөсүндө Орусияга каршы жүрүп жаткан согушта Донецк аймагындагы Бахмут шаарын коргоо алар үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Зеленский Telegram эсебинде бөлүшкөн видео кайрылуусунда Орусия менен Украинанын ортосундагы 10 айга созулган согушка байланыштуу окуяларга баа берди.

Коргоо күчтөрүнүн жооптуу кызматкерлери менен кечээ жолугушкандарын жана кагылышуулар уланып жаткан фронттогу абалды сүйлөшүшкөндөрүн белгилеген Зеленский, Орусиянын Украинага карата катуу кол салууларынын уланып жатканын айтты.

Зеленский орус армиясынын айрыкча Донецк аймагындагы Бахмут шаарын басып алуу үчүн катуу чабуулдарын улантканына көңүл буруп: «Бахмут багыты маанилүү. Шаар биздин көзөмөлүбүздө, бирок баскынчылар ал жерде бир дагы дубал бузулуп калбашы үчүн колунан келгендин баарын жасап жатышат»,-деп айтты.

Фронттун башка пункттарында орус аскерлерине каршы күрөштү улантып жатканын белгилеген Зеленский: «Запорожье областында, Херсон областында, жалпысынан түштүктө баскынчылардын потенциалын акырындап азайтып жатабыз»,-деди.

Армиянын жооптуу кызматкерлери менен Украинанын Орусия жана Беларусь чек арасындагы коопсуздук абалын да талкуулагандарына токтолгон Зеленский: «Бардык мүмкүн болгон коргонуу сценарийлерине даярдануудабыз»,-деп айтты.

Украинанын демилгеси менен кыш мезгилинде «Тынчтык үчүн саммит» эл аралык конференциясын уюштуруу ишин баштагандарын белгилеген Зеленский өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлерин саммитке катышууга чакырды.



Тектеш кабарлар