Путин-Алиев сүйлөшүүсү
Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүндө Путиндин Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.
![Путин-Алиев сүйлөшүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d68a/dfb5/d500/63135b0417d66.jpg?time=1719220155)
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Азербайжан, Орусия жана Армениянын ортосунда 2-Карабах согушунан кийин түзүлгөн үч тараптуу келишимдердин аткарылышын талкуулашты.
Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүндө, Путиндин Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.
Билдирүүдө белгиленгендей, сүйлөшүүдө Орусия, Азербайжан жана Армениянын лидерлеринин 2020-жылдын 10-ноябрындагы, 2021-жылдын 11-январындагы, 2021-жылдын 26-ноябрындагы жана 2022-жылдын 31-октябрындагы үч тараптуу келишимдерди ишке ашыруунун айрым практикалык маселелери каралды.
Ошондой эле Түштүк Кавказдагы экономикалык жана логистикалык алакаларды калыбына келтирүү пландарын сүйлөшкөн Путин менен Алиевдин, келечектеги байланыштарын да талкуулашканы маалымдалды.
Тектеш кабарлар
![Израилдин Газага карата абадан кол салууусу](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/0ef0/c0b6/6719/667914d696444.jpg?time=1719220156)
Израилдин Газага карата абадан кол салууусу
Кол салууда Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери 2 палестиналык каза болду.