Прайс Түркиянын коргонуу муктаждыктарын камсыздоого даяр экендиктерин айтты
Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс күнүмдүк маалымат жыйынында айтты.
![Прайс Түркиянын коргонуу муктаждыктарын камсыздоого даяр экендиктерин айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9b08/5a91/a247/620b55b64481d.jpg?time=1722043025)
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс НАТОнун маанилүү өнөктөшү Түркиянын коргонуу муктаждыктарын камсыздоого даяр экендиктерин айтты.
Нед Прайс күнүмдүк маалымат жыйынында Түркияга F-16 сатуунун чектөөчү шарттарынын коргоо бюджетин да камтыган 2023-жылкы Улуттук Коргонуу Уруксат мыйзамынан чыгарылышы боюнча суроого төмөнкүдөй жооп берди: «Албетте, Түркия НАТОнун маанилүү өнөктөшү, маанилүү коопсуздук өнөктөшү. Биз коргонуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү интеграциялоону жана Түркия туш болгон коркунучтуу коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн керектүү нерселерди камсыз кылууну каалайбыз. НАТОнун бир дагы өнөктөшү өз жерлеринде биздин Түрк союздаштарыбыздан дагы көп террордук кол салууларга кабылган жок. Ошондуктан коопсуздук тармагындагы кызматташуубуз биз үчүн чоң мааниге ээ»,-деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байден июнь айында Мадридде өткөн НАТО саммитинде жолукканда бул теманы сүйлөшкөнүн белгилеген Прайс, төмөнкү деңгээлде да сүйлөшүүлөр болгонун жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин Конгресс менен бул темада сүйлөшкөнүн белгиледи.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722043025)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.