Беларустун тышкы иштер министри каза болду

Түркия каза болгон Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макейге көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

1911487
Беларустун тышкы иштер министри каза болду

Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей каза болду.

Беларустун Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Анатолий Глаз министр Макей күтүүсүздөн каза болгонун билдирди.

2008-2012-жылдары Беларустун президенттик администрациясынын башчысы болуп иштеген 64 жаштагы Макей 2012-жылдан бери Беларустун тышкы иштер министри кызматын аркалап келет.

Түркия каза болгон Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макейге көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, «Макейдин күтүүсүз каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алабыз. Беларус элине жана Беларустун Тышкы иштер министрлигине чын жүрөктөн көңүл айтабыз»,делди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да социалдык медиа эсебинен Макей үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн бөлүштү.

Чавушоглунун билдирүүсүндө:«Макейдин дүйнөдөн кайтканы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Ал жакшы адам жана жакшы дос болчу. Анын кайгылуу үй-бүлөсүнө жана Беларус элине көңүл айтам»,деген сөздөр орун алды.



Тектеш кабарлар