ПКК/ЙПГ Азез районуна кол салды
Алгачкы маалыматтарга караганда кол салууда 3 жаран каза болуп, 8 жаран жаракат алды.
![ПКК/ЙПГ Азез районуна кол салды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5366/e2fd/51fa/637dc127a2ff0.jpg?time=1722046433)
Сирияда Халептин түндүгүндөгү Тель - Рыфат районунда баскынчылыгынын улантып жаткан ПКК/ЙПГ террордук уюмунун оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Азез районунун борборуна жасаган ракеталык кол салуусунда алгачкы маалыматтарга караганда 3 жаран каза болуп, 8 жаран жаракат алды.
ПКК/ЙПГ террористтери Түркия менен Россиянын ортосунда 2019 - жылы 22 - октябрда түзүлгөн келишимге ылайык бошотуулары керек болгон Тель - Рыфат районунан Азез районунун борборун ракеталык кол салуу менен бутага алды.
Кол салууда алгачкы маалыматтарга караганда 3 жаран каза болуп, айрымдары оор болгон 8 жаран жаракат алды. Жаралуулар айланадагы ооруканаларга алып барылды.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн "Зайтун бутагы" операциясы менен Афринден чыгарылган ПКК/ЙПГ райондун түштүк чыгышындагы Тель - Рыфат аймагындагы баскынчылыкты улантып, бул жерден Жараблус, Африн жана Азездеги жарандык отурукташуу жерлери менен Сирия Улуттук Армиясынын алдыңкы линиясына тез - тез кол салууда.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722046433)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.