Индонезиядагы жер титирөөдө 271 киши каза болду

Жер титирөөдөн жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана үйү жараксыз абалга келген жарандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөрү билдирилди.

1910246
Индонезиядагы жер титирөөдө 271 киши каза болду

Индонезиянын Батыш Ява провинциясында 21-ноябрда болгон 5,6 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 271ге жетти.

Индонезиянын Улуттук апаатты башкаруу агенттигинин (BNPB) төрагасы Сухарянто басма сөзгө берген маалыматында жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда издөө  -куткаруу иштеринин уланып жатканын айтты.

Сухарянто апаатта каза болгондордун саны 271ге жеткенин жарыялады.

BNPB билдиргендей, жер титирөөдө 22 миң 198 үй жарактан чыгып, 58 миңден ашуун киши жер которгон.

Жер титирөөдөн жапа чеккен үй-бүлөлөргө жана үйү жараксыз абалга келген жарандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөрү билдирилди. 

Америка геологиялык изилдөө борбору (USGS) Индонезиянын Батыш Ява провинциясындагы Циранжанг шаарынан 18 километр түштүк - батышта болгон 5,6 баллдык жер титирөөнүн 10 километр тереңдикте катталганын жарыялады.



Тектеш кабарлар