АКШда кытайлык чалгынчыга абак жазасы

Цинциннатти федералдык соту Бельгия тарабынан АКШга экстрадицияланган Янжун Сюнун 2021-жылдын ноябрь айында коюлган айыптар үчүн абакка кесилгенин кабарлады.

1907450
АКШда кытайлык чалгынчыга абак жазасы

АКШда кытайлык чалгындоо кызматкери 20 жылга эркинен ажыратылды.

АКШнын Федералдык соту, бул кызматкерди тыңчылык жана коммерциялык сырды уурдоо аракети үчүн күнөөлүү деп тапты.

Цинциннатти федералдык соту Бельгия тарабынан АКШга экстрадицияланган Янжун Сюнун 2021-жылдын ноябрь айында коюлган айыптар үчүн абакка кесилгенин кабарлады.

АКШга экстрадицияланган биринчи кытайлык чалгын кызматкери Сю Кытай өкмөтүнүн атынан АКШда тыңчылык кылып, америкалык компаниялардын коммерциялык сырларын жана патенттерин уурдоого аракет кылганы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Сюнун Кытайдын Мамлекеттик коопсуздук министрлигинде бөлүмдүн директорунун орун басарлыгына чейин көтөрүлгөнү айтылды.

Федералдык иликтөө бюросунун директору: «Бул доо Кытай өкмөтүнүн АКШнын экономикалык коопсуздугуна жана улуттук коопсуздугубузга багыттаган кол салууларынын акыркы мисалы»,- деди.



Тектеш кабарлар