Түштүк Корея, АКШ жана Япония Түндүк Кореяны айыпташты

Өкүлдөр Түндүк Кореянын «чагымчылдыктарынын» Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын бузгандыгын жана кабыл алынбай турганын баса белгилешти.

1904341
Түштүк Корея, АКШ жана Япония Түндүк Кореяны айыпташты

Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын жогорку даражалуу өзөктүк өкүлдөрү Түндүк Кореянын Чыгыш деңизге кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракета учуруусун айыпташты.

Йонхап агенттигинин кабарына караганда, Корея жарым аралынын атайын өкүлү Ким Гун, Япониянын тышкы иштер министрлигинин Азия жана Океания иштери боюнча башкы директору Фунакоши Такехиро жана АКШнын президенти Жо Байдендин Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү Сун Ким Түндүктүн акыркы мезгилдерде көбөйгөн ракеталык сыноолоруна байланыштуу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

Өкүлдөр Түндүк Кореянын «чагымчылдыктарынын» Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын бузгандыгын жана кабыл алынбай турганын баса белгилешти.

Түндүктүн Чыгыш деңизге кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракета учуруусун айыптаган өкүлдөр, ыктымалдуу коркунучтарга каршы кызматташтыкты бекемдөөгө убада беришти.

Пхеньян өткөн аптада АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аба машыгуусуна нааразылык иретинде Чыгыш деңиз менен Сары деңизге 35 ракета учурган.



Тектеш кабарлар