НАТОнун саммити келерки жылы Литвада өтөт

Йенс Столтенберг өз билдирүүсүндө, Кансыз согуштан бери НАТОнун эң татаал жана күтүлбөгөн коопсуздук чөйрөсүнө туш болгонун белгиледи.

1904173
НАТОнун саммити келерки жылы Литвада өтөт

НАТОнун кезектеги саммити 2023-жылдын 11-12-июлунда Литвада өтөт.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйынынын 2023-жылдын 11-12-июлунда Литванын борбор шаары Вильнюс шаарында өтөөрүн маалымдады.

Йенс Столтенберг өз билдирүүсүндө, Кансыз согуштан бери НАТОнун эң татаал жана күтүлбөгөн коопсуздук чөйрөсүнө туш болгонун белгиледи.

Вильнюстагы жыйындын НАТО өлкөлөрүнүн лидерлерине коргонуу жана тоскоолдукту күчтөндүрүү үчүн жаңы кадамдарды таштоо мүмкүнчүлүгүн берерин белгилеген Столтенберг, коргонуу чыгымдарынын көбөйүшү менен Украинага колдоонун улантылышынын да карала турганын билдирди.

Столтенберг Түндүк Америка менен Европанын ортосундагы трансатлантикалык байланыштын НАТО өлкөлөрүндө жашаган 1 миллиард адамдын коопсуздугу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

НАТОнун акыркы саммити 28-30-июнда Испаниянын Мадрид шаарында өткөрүлгөн.



Тектеш кабарлар