Англияда иммиграция борборуна кол салуу «террористтик идеология» менен болгон

Британиянын антитеррордук топтору чогулган далилдерге таянып, иммиграция борборуна Молотов коктейлинин ыргытылышына «террордук идеология» түрткү болгонун айтышты.

1902666
Англияда иммиграция борборуна кол салуу «террористтик идеология» менен болгон

 Британ полициясы 30-октябрда Довер шаарындагы иммиграция чек ара күчтөрүнүн жаңы штабына кол салуу «террористтик идеология» менен жасалганын билдирди.

Британиянын антитеррордук топтору чогулган далилдерге таянып, иммиграция борборуна Молотов коктейлинин ыргытылышына «террордук идеология» түрткү болгонун айтышты.

Полиция кызматкерлери «маанилүү күбөлөр» суракка алынганын жана кээ бир маанилүү элементтер бар экенин айтышты.

Атын атабаган полиция кызматкери: «Бул далилдерди изилдөөнүн жыйынтыгында кол салуунун артында ашынган оңчул мотив бар экенин көрсөтүп турат»,-деди.

30-октябрда Довер шаарындагы иммиграция чек ара күчтөрүнүн жаңы штабына Молотов коктейлин ыргыткан адам кийин өз жанын кыйган.

Аймакка жөнөтүлгөн Өрт өчүргүч жана куткаруу кызматынын кийлигишүүсү менен фейерверк жана Молотов коктейлинен чыккан өрт өчүрүлдү.



Тектеш кабарлар