АКШда куш тумоосу эң жогорку деңгээлге жетти

АКШ Улуттук жапайы табиятты коргоо уюму NWCH бул тууралуу отчет жарыялады.

1895374
АКШда куш тумоосу  эң жогорку деңгээлге жетти

 АКШда куш тумоосу  2015 – жылдан кийин эң жогорку деңгээлге жетти.

АКШ Улуттук жапайы табиятты коргоо уюму NWCHтын акыркы отчетуна караганда H5N1 деп аталган куш тумоосу  эпидемиясында бул жылы рекорддук санда тоок жана үндүк жок болуп, эпидемия жапайы канаттууларда да байкалды.

NWCHтын отчетунда  : «H5N1 вирусу биринчи жолу декабрь айында Түндүк Америкада, Канаданын Ньюфаундленд жана Лабрадор шаарында аныкталган андан киийн Канада жана АКШдагы жапайы канаттууларда, үй жана фермаларда багылган канаттуларда жана жапайы сүт эмүүчүлөрдө аныкталган»,- деп билдирилди.  

Отчетто куш тумоосунун жайылышы жана жапайы жаныбарларда да чыгышында  Канададан АКШга карай учкан келгин куштардын таасиринин чоң экендиги болжолдолгону белгиленди.

АКШнын айыл  - чарба министрлигинин жаңыланган таблицасында  жогорку даражада патогендик таасиринин бар экендиги белгиленген куш тумоосу инфекциясы жана 47 миллиондон ашуун канаттуунун жок кылынгандыгы маалымдалды.

542 канаттуу үйүрүндө аныкталган вирус АКШнын 42 штатына жайылып,  Индиана штатында таасирдүү болгону белгиленди

2015-жылдын аягынан тарта АКШда куш тумоосу эпидемиясынан 50 миллиондон ашык канаттуу жок кылынып, 3 миллиард доллардан ашык экономикалык жоготуунун болгондугу эсептелди.

Вирустан улам өлкөдө үндүк өндүрүшүнүн былтыркыга салыштырмалуу 6 пайызга азайып, тоок жана үндүк этинин кымбатташы күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар