Венесуэлада жер көчкү жана сел жүрдү

Жер көчкү жана селде каза болгондордун саны 50гө жетти.

1893140
Венесуэлада жер көчкү жана сел жүрдү

Венесуэланын Арагуа штатында 8-октябрда жааган жамгырдан улам болгон жер көчкү жана селде каза болгондордун саны 50гө жетти. Жарандардын коопсуздугу жана тынчтыгы боюнча вице-президент Ремигио Себальос Лчасо  билдирүүсүндө Лас-Тежериаста издөө-куткаруу иштеринин үзгүлтүксүз уланып жатканын айтты. Апаатта каза болгондордун санынын 50гө жеткенин билдирген Лчасо канчалык узакка созулса да издөө-куткаруу иштеринин улана турганын айтты.

Лчасо : "Боливар Улуттук Куралдуу Күчтөрүнүн колдоосу менен 3200 киши жана 30 техника менен урандыларды тазалоо  иштери уланууда. Тамак-аш, суу, билим берүү, ден соолук, психологиялык колдоо жана эң негизгиси президентибиз Николас Мадуронун көрсөтмөлөрү менен эл үчүн бардыгы жасалууда",- деди. 

12-октябрда апаат болгон аймакка барган президент Мадуро трагедиянын чоңдугуна көңүл буруп, каза болгондордун саны 100гө жетиши мүмкүн экенин билдирген.

Венесуэланын айрым аймактарында Ла-Нинадагы аба ырайынын таасири менен жаан-чачын нормадан жогору болууда.

Акыркы 2 аптада нөшөрлөп жааган жамгыр жана анын кесепетинен болгон кырсыктан улам өлкөдө 3 күндүк “улуттук аза күтүү” жарыяланды.



Тектеш кабарлар