Афганистанда селден 19 адам, чагылгандан 7 адам каза болду

Афганистандын Улуттук апаатты башкаруу башкармалыгынын (ANDMA) билдирүүсүндө селден улам 1142 гектар айыл чарба жеринин суу астында калганы, 11450 бодо малдын жок болгондугу маалымдалды.

2136476
Афганистанда селден  19 адам, чагылгандан 7 адам каза болду

Афганистандын көптөгөн аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден 19 адам, чагылгандан 7 адам каза болду.

Гор провинциясы менен Герат шаарында да  жамгырдан улам жүргөн селден 8 адам каза болду.

Афганистандын Улуттук апаатты башкаруу башкармалыгынын (ANDMA) билдирүүсүндө селден улам 1142 гектар айыл чарба жеринин суу астында калганы, 11450 бодо малдын жок болгондугу маалымдалды.

Афганистандын Улуттук апаатты башкаруу башкармалыгы ANDMA 189 үйдүн толугу менен же жарым-жартылай кулаганын,  селден жабыркаган аймактардагы жардам көрсөтүү иштеринин улантылып жаткандыгын билдирди.

Герат тургундары 30га жакын үйдүн толугу менен кыйрап, бир үй-бүлөдөн 4 адамдын каза болгонун айтышты.

Гордун Чахар Сада менен Маргаб райондорунун ортосундагы жол кыймылга жабылып, 500 үй-бүлө көчүрүлдү.

Афганистандын Миграция жана качкындар министрлиги жер которгон үй-бүлөлөрдүн тоолордо жашагандыгын, тез арада жардамга муктаж экенин билдирди.

Министрлик каза болгондордун артышы боюнча эскертти.

Урузган провинциясында чагылгандын кесепетинен 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды.

Фарах провинциясында да олуттуу материалдык чыгымдын болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар