Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы Түркиянын сунушун кабыл алды

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясында Түркияны өкүлдүк кылган Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Конья депутаты Зия Алтунялдыз тарабынан даярдалган отчетто Шенген визасы арыздарында кездешкен кыйынчылыктарга токтолду.

1891932
Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы Түркиянын сунушун кабыл алды

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы Түркия тарабынан даярдалган, Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн Шенген виза арыздарын дагы ачык, адилеттүү жана кеңири түрдө карап чыгып виза арыздарынын негизсиз себептер менен четке кагылбашын көздөгөн мыйзам долбоорун кабыл алды.

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясында Түркияны өкүлдүк кылган Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Конья депутаты Зия Алтунялдыз даярдаган отчетто Шенген визасы арыздарында кездешкен кыйынчылыктарга токтолду.

Отчетко байланыштуу Башкы Ассамблеяга сунушталган резолюция долбоору көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Алтунялдыз добуш берүүдөн кийин Башкы Ассамблеяда сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Шенген визасын четке кагуу көрсөткүчүнүн акыркы 8 жылда 4 эсеге өскөнүнө көңүлдөрдү буруп: «Акыркы 8 жылда эң көп Шенген визасына арыз берген 5 өлкөнүн арасында Түркия аталган мезгилде эң көп четке кагылган өлкө болду»,-деди.

Европа өлкөлөрүнө соода, ден соолук жана билим берүү максатында барууну каалаган түрк жарандарынын Шенген визаларында кечигүүлөрдү жана көйгөйлөрдү башынан өткөргөндөрүн же болбосо четке кагылганын баса белгилеген Алтунялдыз: «Визалык процесстердин кыйынчылыгы Европа менен өлкөбүздүн кызматташтыгына кедергисин тийгизүүдө»,-деп айтты.

Алтунялдыз Шенгенге кирген өлкөлөрдүн виза арыздарын ачык, адилеттүү жана кеңири түрдө баалоосу керектигин билдирди.



Тектеш кабарлар