Угандада эболадан каза болгондордун саны көбөйүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Эммануэль Айнебиона эбола вирусунан каза болгондордун саны 17ге жеткенин билдирди.

1891330
Угандада эболадан каза болгондордун саны көбөйүүдө

Чыгыш Африка өлкөлөрүнөн  Угандада эбола эпидемиясынан каза болгондордун саны 17ге жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Эммануэль Айнебиона эбола вирусунан каза болгондордун саны 17ге жеткенин билдирди.

Каза болгондордун арасында медицина кызматкерлеринин да бар экенин айткан Айнебёнона эпидемияга каршы чаралардын күчөтүлгөнүн белгиледи.

Сейрек кездешүүчү жана Судандык вариант болгон эбола вирусу өлкөдө биринчи жолу 19 - сентябрда 24 жаштагы адамда аныкталган.

2000 - жылдардын башында Угандада жүздөгөн адамдын өмүрүн алган вирус акыркы жолу 2012 - жылы 17 адамдын өлүмүнө себеп болгон.

Геморрагиялык ысытмалардын бир түрүн пайда кылган эбола биринчи жолу 1976 - жылы Судандын Нзара шаарында жана Конго Демократиялык Республикасынын  Ямбуку шаарында бир убакта пайда болгон. Конго Демократиялык Республикасындагы эпидемия Эбола дарыясына жакын айылда башталгандыктан оору ушул дарыянын аты менен аталып калган.

Эбола 2013 - жылы декабрда Батыш Африкада жайылды.

2014 - 2017 - жылдары Гвинея, Либерия жана Сьерра - Леонеде болгон эпидемияда 30 миң адам вирус жуктуруп, 11 миңден ашуун бейтап каза болгон.



Тектеш кабарлар