Мостарда автожол долбоорун түрк фирмасы ишке ашырат
Автожолдор башкармалыгы билдирүү жасады.
1884951
Босния-Герцеговинанын түштүгүндөгү Мостарда автожол долбоорун түрк фирмасы ишке ашырат.
Босния-Герцеговинанын борбор шаар Сараеводогу Автожолдор башкармалыгынын имаратында, автожол долбоорунун алкагында курула турган Мостар Түндүк-Мостар түштүк бөлүгү үчүн түрк фирмасы Yüksel Proje менен келишимге кол коюлду.
Босниянын Автожолдор башкармалыгынын билдирүүсүндө, курула турган жолдун узундугу 14,2 километрди түзүп, жол долбоорунун алкагында айланма кесилиштер, 5 туннель жана 10 өтмөк курула турганы, 2023-жылы башталышы пландалган долбоордун 3 жылда бүткөрүлүшү максат кылынганы белгиленди.