Туткундарды алмашуу процессине Түркиянын колдоосу

Эрдоган тарабынан жүргүзүлгөн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 215 аскер туткунунун Украинага кайтарылганына карата Украинанын президенттигинде маалымат жыйын өткөрүлдү.

1883566
Туткундарды алмашуу процессине Түркиянын колдоосу

Украинанын Президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак, Түркиянын ортомчулугунда Орусия менен жүргүзүлгөн туткун алмашуу процессинде украин тараптын президент Режеп Таййип Эрдоган менен тынымсыз байланышта болушунун өтө маанилүү экенин айтты.

Эрдоган тарабынан жүргүзүлгөн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 215 аскер туткунунун Украинага кайтарылганына карата Украинанын президенттигинде маалымат жыйын өткөрүлдү.

Украинанын мамлекеттик мекемелеринин эл аралык өнөктөштөрү менен туткун алмашуу операциясы үчүн күнүгө 24 саат аракет кылып жатканын белгилеген Ермак: «Өнөктөштөрүбүз, өзгөчө түрк тарап менен болгон эл аралык байланыштарыбыз жана президент Эрдоган менен тынымсыз сүйлөшүүбүз абдан маанилүү болду»,-деди.

Алмашуу операциясында Түркиянын бул процесске колдоосунун маанисин баса белгилеген Ермак: «Түркия кечээ да абдан маанилүү роль ойноду, алмашуунун акыркы бөлүгү түздөн-түз Анкарада өттү»,-деп айтты.

Ермак түрк жана украиналык жогорку кызмат адамдарынын туткун алмашуу процессинин ийгиликтүү аякташы үчүн тынымсыз байланышта болгондорун, президент Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшкөнүн белгилеп: «Президент Эрдоган Зеленский менен эки күн мурун сүйлөштү, булар жеке сүйлөшүүлөр жана жеке кепилдиктер»,-деди.



Тектеш кабарлар