Орусия: "Украина 55 аскерди өткөрүп берди"

Игорь Конашенков Украина менен болгон согушта туткундалган жоокерлерди алмашуу боюнча маалымат берди.

1883350
Орусия: "Украина 55 аскерди өткөрүп берди"

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, туткундарды алмаштыруунун натыйжасында орус армиясы, Донецк жана Луганск республикаларынын куралдуу күчтөрүнө мүчө 55 кишинин Орусияга өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Игорь Конашенков Украина менен 24-февралдан бери уланып жаткан согушта туткундалган жоокерлерди алмаштырууга байланыштуу маалымат берди.

Алмашуулардын татаал сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашканына көңүл бурган Конашенков: «Бүгүн түнү Киев режиминин көзөмөлүндөгү Украинанын аймагынан өлүм коркунучунда турган Орусия Федерациясынын, Донецк жана Луганск Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 55 жоокери кайтып келишти»,-деди.

Бир тараптан Донецк элдик республикасынын башчысы Денис Пушилин туткундарды алмаштыруу учурунда 215 кишинин украин тарапка өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Украинадан Орусия тарапка өткөрүлүп берилген 56 кишинин 50сүнүн орус, 5инин донбастык экенин белгиледи. 



Тектеш кабарлар