Украинанын Орусияга каршы койгон геноцид доосу

АКШ да бул доого кошулуу арызын берди.

1877912
Украинанын Орусияга каршы койгон геноцид доосу

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Украинанын Орусияга каршы койгон геноцид доосуна кошулууну каалоодо.

Эл аралык адилет сотунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Литва, Латвия, Жаңы Зеландия, Британия жана Германиядан кийин АКШнын да Украина менен Орусиянын ортосундагы геноцид доосуна кошулуу арызын бергени айтылды.

АКШнын «тарых бою геноцидге жол бербөө боюнча аракеттеринин алкагында» азыркы доого кошулууну талап кылганы кабарланды.

Билдирүүдө АКШнын: «Бардык тараптар геноцид конвенциясынын туура талданышына, ишке ашырылышына жана аткарылышына олуттуу кызыкдар», деген сөздөрү камтылды.

Эл аралык сот Украина менен Орусиядан АКШнын бул доого кошулуу талабы боюнча жазуу түрүндөгү билдирүүлөрдү тапшырууну суранды.

Эл аралык сот 16-марттагы буйругунда Орусиядан 24-февралда Украинанын аймагында баштаган “аскердик операцияны” дароо токтотууну талап кылган болчу.



Тектеш кабарлар