Антарктидадагы муз текчесинин мурда ойлогондон да тез эрип жатканы белгилүү болду

Бул тууралуу The Olympian гезитинин кабарында маалымат орун алды.

1867496
Антарктидадагы муз текчесинин мурда ойлогондон да тез эрип жатканы белгилүү болду

Антарктидадагы муз текчесинин мурда ойлогондон да тез эрип жатканы белгилүү болду.

The Olympian гезитинин кабарына караганда, Калифорния технологиялык институтунун жана АКШдагы  реактивдүү кыймыл лабораториясынын изилдөөчүлөрү Антарктидадагы муз текчесинин канча убакытка чейин эригени боюнча изилдөө жүргүзүшкөн.

Окумуштуулар жыш жана жылуу океан сууларынын Антарктиданын муз жээгине эрүү ылдамдыгын көрсөткөн моделди иштеп чыгышты.

Бул моделди колдонуу менен муздун текчесинен эриген таза суу мөңгүлөрдүн түбүндөгү жылуу океан агымына жетип, ошону менен эрүү процессин тездеткени аныкталган.

Изилдөөнүн автору Энди Томпсон эгер модель реалдуу дүйнө сыяктуу болсо, муз текчесинин эрүү ылдамдыгы глобалдык климаттык моделдердеги баалангандан 20-40 пайызга жогору болушу мүмкүн экенин айтты.

Адистер климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу атмосферанын да, океандардын да жылып жатканын белгилеп, муз текчесинин эрүү ылдамдыгы жогорулашы мүмкүн экенин эскертишти.

Окумуштуулардын айтымында, калыңдыгы жүздөгөн метрге жеткен муз катмарлары негизги муз массасынын коргоочусу болуп, бүт муз катмарынын океанга агып кетишине жол бербейт.

Изилдөөнүн чоо-жайы "Science Advances" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар