Европадагы катуу ысыктын кесепеттери
Катуу ысыктан улам өткөн айда миңдеген кишинин каза болгону билдирилди.
![Европадагы катуу ысыктын кесепеттери](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7ae2/f924/200c/62c29dfe2fa58.jpg?time=1722042648)
Европанын кээ бир өлкөлөрүндө термометрлер 45 градусту көрсөткөн катуу ысыктан улам өткөн айда миңдеген кишинин каза болгону билдирилди.
Politico Europe интернет сайтында жарыяланган кабарга караганда абанын температурасы өткөн айда Европа континентинде олуттуу түрдө жогоруласа, өзгөчө 18-20-июлда эң жогорку чегине жеткен.
Июль айында Британия менен Германияда жылуулук 40 градуска жетип, ошол эле мезгилде Европада кургакчылык, токой өрттөрү жана абанын булганышы артты.
Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндөгү көрсөткүчтөр июль айынын орто ченинде каза болгондордун санынын көбөйгөнүн көрсөтсө, адистер мунун себебинин ысыкка байланыштуу экенин жакташты.
Германияда аталган аптада биринчи аныктамаларга ылайык, акыркы 5 жылда катталгандан 3 миңге көп өлүм болду. Британияда да ошол эле мезгилде 1180 адам көз жумду.
Термометрлер 45 градусту көрсөткөн Испания менен Португалияда июль айынын орто ченинде каза болгондордун саны мурунку жылдарга салыштырмалуу эң жогорку деңгээлге жетти.
Июль айынын ортосунда Испанияда 2700 өлүм, катуу ысыктан жапа чеккен Нидерландияда да 559 өлүм катталды.
Адистер өтө ысык аба толкунуна климаттын өзгөрүшүнүн себеп болуп жатканын баса белгилешти.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722042648)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.