Германияда 2 миллиондон ашуун адам азык - түлүк жардамын алууда

Азык-түлүк жардамын алгандардын арасында жумушсуздар, аз камсыз болгон пенсионерлер жана Украинадан келген качкындар басымдуулук кылууда.

1855701
Германияда 2 миллиондон ашуун адам азык  - түлүк жардамын алууда

Германияда азык-түлүк жардам кызматынан пайдалангандардын саны жыл башынан бери 50 пайызга өсүп  2 миллиондон ашканы билдирилди.

Германияда ыктыярдуу азык-түлүк жардамын көрсөткөн Tafel Soup Kitchen Ассоциациясынын билдирүүсүндө, коронавирус Ковид – 19 эпидемиясы,  Россиянын 24 -  февралда Украинага ачкан согуштан  улам  азык-түлүк жардамын алгандардын саны жыл башынан бери 50 пайызга өскөндүгү белгиленди.

Азык-түлүк жардамын алгандардын арасында жумушсуздар, аз камсыз болгон пенсионерлер жана Украинадан келген качкындар басымдуулук кылууда.

Германияда 962 филиалы бар Tafel Soup Kitchen компаниясынын төрагасы Йохен Брюль : «Сандардын 50 пайызга көбөйүшү жакырчылыктын өсүп жатышынын далили. Бул 2 миллиондон ашык адам азык-түлүк жардамына муктаж дегенди билдирет», - деди. Ашканаларына азык-түлүк жардамын берүүгө чакырган Брюль, талаптарды канааттандыра турган тамак-аштын жана кызматкерлердин жетишсиздигине көңүлдөрдү бурду.

Жакырчылык отчетуна ылайык, былтыр өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 16,6 пайызды түзгөн.

Tafel Ассоциациясынын менеджери Сиркка Жендис Германияда ар бир алты кишиден бирөөсүнүн жакыр экенин жана муну коом катары кабыл албоо керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар