Чоң жетилик өлкөлөрү Украинага 50 миллиард доллар насыя берүү боюнча макулдашты

Эл аралык басма сөздө орун алган кабарга караганда бүгүн Италияда башталган дүйнөнүн эң чоң 7 өнүккөн экономикасынын башын кошкон Чоң жетиликтин лидерлер саммитинде Украинага каржылык колдоо көрсөтүү планы боюнча келишим түзүлдү.

2152741
Чоң жетилик өлкөлөрү Украинага  50 миллиард доллар насыя берүү боюнча макулдашты

 Чоң жетиликке кирген өлкөлөрдүн лидерлери Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешени күрөө катары пайдаланып, Украинага 50 миллиард доллар насыя берүү боюнча макулдашты.

Эл аралык басма сөздө орун алган кабарга караганда бүгүн Италияда башталган дүйнөнүн эң чоң 7 өнүккөн экономикасынын башын кошкон Чоң жетиликтин лидерлер саммитинде Украинага каржылык колдоо көрсөтүү планы боюнча келишим түзүлдү.

Келишимдин алкагында Чоң жетилик өлкөлөрү 2024 - жылдын аягына чейин Украинага Россиянын Борбордук банкынын тоңдурулган активдеринен алынган пайыздык кирешени күрөө катары колдонуу менен 50 миллиард доллар насыя берет.

Америка Кошмо Штаттары сөз болуп жаткан кредиттин көпчүлүк бөлүгүнө кепилдик берет. Буга Европа жана башка өлкөлөр да салым кошот.

Чоң жетиликке кирген өлкөлөрдүн каржы министрлери өткөн айда Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешени Украинаны калыбына келтирүүгө жумшоо боюнча АКШнын сунушу менен акыркы келишимди түзө алган эмес.

Россия  - Украина согушу башталгандан бери батыштык өлкөлөр Россиянын 300 миллиард долларга жакын активдерин тоңдурду. Бул сумманын болжол менен 200 миллиард доллары Европа Биримдиги өлкөлөрүндө.



Тектеш кабарлар