АКШ, Сирияда жарадар болгон ДЕАШ корбашчысы каза болгонун жарыялады

Билдирүүдө ДЕАШ мүчөсүнүн жаралангандан кийин кайда дарыланганы жана кантип каза болгону тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

1855147
АКШ, Сирияда жарадар болгон ДЕАШ корбашчысы каза болгонун жарыялады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Борбордук командирлиги (CENTCOM) Сирияда 12-июлда бутага алынган аймакта жараланган ДЕАШтын жогорку рангадагы корбашчыларынан бири Махнал ал-Агалдын каза болгонун жарыялады.

CENTCOMдон берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сириянын түндүк-батышында 12-июлда ДЕАШтын эң алдыңкы 5 корбашчыларынын арасында болгон Махер ал-Агал каза болгон кол салуудан аман калган Махнал ал-Агалдын да каза болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө ДЕАШ мүчөсүнүн жаралангандан кийин кайда дарыланганы жана кантип каза болгону тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

CENTCOM 12-июлда Сириянын түндүк-батышында абадан операция жүргүзгөнүн, ДЕАШтын жогорку корбашчыларынан бири Махер ал-Агалдын каза болгонун жана уюмдун жогорку рангадагы бир лидеринин да жараланганын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар