Альп тоолорунун Италия тарабынан муздун кулашынын натыйжасында каза болгондордун саны 11ге жетти

Италиянын ANSA агенттигинин издөө-куткаруу топторуна таянган маалыматына караганда, өткөн жекшемби күнү Мармолада дөңсөөсүндө болгон апаатта жоголгон дагы бир адамдын сөөгү табылды.

1854169
Альп тоолорунун Италия тарабынан муздун кулашынын натыйжасында каза болгондордун саны 11ге жетти

Альп тоолорунун Италия тарабындагы Мармолада дөңсөөсүнөн муздун кулашы натыйжасында каза болгондордун саны 11ге жетти.

Италиянын ANSA агенттигинин издөө-куткаруу топторуна таянган маалыматына караганда, өткөн жекшемби күнү Мармолада дөңсөөсүндө болгон апаатта жоголгон дагы бир адамдын сөөгү табылды.

Ошентип кырсыктан каза болгондордун саны 11ге жетти.

Каза болгондордун 9у Италия, 2 Чехия жараны экени айтылды.

Кырсыктын кандайча болгонун иликтөө иштери уланууда.

3-июлда Альп тоосунун Мармолада чокусунда муз жарылып, кулап түшкөн.

Окуя болгон маалда сейилдеп жүргөн альпинисттердин тобу кырсыктын ортосунда калган.

Бир канча убакыттан бери өтө ысык аба ырайынын таасири астында болгон Италиянын Мармолада дөңсөөсүндө 2-июлдагы аба температурасынын 10 градус менен бардык мезгилдердин эң жогорку чегине жеткени билдирилди.



Тектеш кабарлар