АКШ аба жолдору үчүн Ковид - 19 тестин талап кылбайт

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун акыркы изилдөөсүнө караганда Ковид  - 19  тесттеринин эми керек эмес экендигине чечим чыгарылды.

1841557
АКШ аба жолдору үчүн Ковид  - 19 тестин талап кылбайт

Америка Кошмо Штаттары аба жолу аркылуу өлкөгө киргендерден коронавирус тестин сурабайт. 

АКШ басма сөзүндө чыккан кабарларга караганда Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору тарабынан бүгүн  билдирилиши күтүлгөн чечим боюнча 12 -  июнь күнү түнү АКШга башка өлкөлөрдөн аба жолу аркылуу кирген жүргүнчүлөрдөн Ковид  -19 тести суралбайт. 

Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун акыркы изилдөөсүнө караганда Ковид  - 19  тесттеринин эми керек эмес экендигине чечим чыгарылды. 

Ар бир 90 күндө тест талабы каралып чыгылат жана жаңы бир вариант ортого чыга турган болсо мурунку абалга кайтылышы мүмкүн.

2021 -  жыл январь айынан бери  күчүндө болгон чаранын жоюлушу аба жолу  тармагында ыраазычылык менен кабыл алынышы күтүлүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар