Мексикада трассада 7 кишинин сөөгү табылды

Мексика басма сөзүндө орун алган кабарга караганда штаттын Акисмон шаарындагы Валлес-Риверде трассасында 7 кишинин сөөгү табылды.

1841092
Мексикада трассада 7 кишинин сөөгү табылды

Мексиканын Сан-Луис Потоси штатындагы трассадан 7 адамдын жансыз денеси табылды.

Мексика басма сөзүндө орун алган кабарга караганда штаттын Акисмон шаарындагы Валлес-Риверде трассасында 7 кишинин сөөгү табылды.

Окуя болгон жерге барган прокуратура кызматкерлери сөз болуп жаткан адамдардын кыйноо менен өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматты билдиришти.

Социалдык тармактардагы сүрөттөрдө бул адамдардын алгач кыйноого алынып, андан соң өлүм жазасына тартылганы белгилүү болду.

Сөөктөрдүн  үстүнө коркутуучу  билдирүүлөрдү калтырган кол салуучулар  7 адамды башка жерде өлтүрүп, андан кийин чоң жолго алып келишкендери болжолдолууда.

Окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Мексикада атаандаш бандалардын ортосунда буга окшогон эсептешүүлөрдүн бар экени белгилүү.



Тектеш кабарлар