Зеленский: «22-25 миллион тонна эгин тосулуп турат»

Зеленский Украинада белгиленип жаткан Журналисттер күнүнө карата (кечээ) өлкөдөгү журналисттер менен жолугушту.

1839316
Зеленский: «22-25 миллион тонна эгин тосулуп турат»
Odessa Ukrayna.jpg
Odessa Ukrayna Mayın tehlikesi.jpg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина Одесса порттору аркылуу ай сайын 10 миллион тонна эгин экспорттой аларын белгилеп:«Азыр ал жерде 22-25 миллион тонна эгин тосулуп турат»,-деди.

Зеленский Украинада белгиленип жаткан Журналисттер күнүнө карата (кечээ) өлкөдөгү журналисттер менен жолугушту.

Украинанын өзүнө пайдасыз жыйынтыкка көндүрүлүүгө аракет кылынганын баса белгилеген Зеленский, эл аралык коомчулукта согушка байланыштуу чарчоонун күчөгөнүн жана ар ким өзү үчүн пайдалуу жыйынтыкты кааларын айтты.

Зеленский Орусия менен согушту токтотуу боюнча азырынча план жок экенин белгилеп: «Биз эч кандай пландар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан жокпуз. Мындай сүйлөшүүлөр бүгүн нөлдүк деңгээлде. Албетте, ар ким бизди мүмкүн болушунча биз үчүн эч кандай пайдасыз жыйынтыкка көндүргүсү келет»,-деп айтты.

2500дөн ашуун украин аскеринин Азовсталдан чыгарылып, Орусияда туткунга алынганын белгилеген Зеленский, бардык украиналык туткундарды үйлөрүнө кайтаруу үчүн аракет кылып жатканын айтты.

Зеленский БУУ, Балтика өлкөлөрү жана Польша менен дан экспорту боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын, бирок жол алыс болгондуктан бул жол приоритеттүү эмес экенин айтты.

Украинанын Одесса порттору аркылуу ай сайын 10 миллион тонна эгин экспорттой ала турганын баса белгилеген Украина лидери: «Азыр ал жерде 22-25 миллион тонна эгин тосулуп турат, күзгө чейин ал жакта 75 миллион тонна эгинибиз болушу мүмкүн. Эмне кылабыз? Демек, портторсуз жүргүзө албайбыз»,-деп сереп салды.

Зеленский согушта курман болгон украиналык журналисттердин үй-бүлөлөрүнө мамлекеттик медалдарды тапшырды.



Тектеш кабарлар