Зеленский Харьков облусуна барды

Украинанын президенттик аппаратынын билдирүүсүндө, Зеленкийдин Харьков облусуна болгон сапарынын алкагында украин аскерлеринин позицияларына байкоо жүргүзгөнү белгиленди.

1834523
Зеленский Харьков облусуна барды
zelenskiy.jpg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия 24-февралда өлкөсүнө согуш жарыялагандан бери биринчи жолу Харьков облусуна барды.

Украинанын президенттик аппаратынын билдирүүсүндө, Зеленкийдин Харьков облусуна болгон сапарынын алкагында украин аскерлеринин позицияларына байкоо жүргүзгөнү белгиленди.

Зеленский аскер жетекчилеринен Орусия менен жүрүп жаткан согуш тууралуу маалымат алганы айтылган билдирүүдө, президент аскерлерге мамлекеттик сыйлыктарды да тапшырганы кабарланды.

Владимир Зеленскийдин аскерлерге ыраазычылык билдирген билдирүүсүндө төмөнкү сөздөр колдонулган: «Кызматыңыз үчүн бардыгыңыздарга рахмат. Баарыңар мамлекетибиз үчүн өз өмүрүңөрдү тобокелге салып жатасыңар. Украинанын көз карандысыздыгын коргогонуңар үчүн рахмат. Өзүңөрдү коргогула».

Фронт тилкесиндеги иликтөөлөрдөн кийин Зеленский Харьков шаарындагы кагылышуудан улам кыйраган үйлөрдү жана башка курулуштарды кыдырып, армия жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.



Тектеш кабарлар