БУУ дан экспорту, ачарчылык жана массалык миграция боюнча эскертти

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бисли : "Президент Путин сизге кайрылам, эгерде  жүрөгүңүз бар болсо бул портторду ачыңыз",- деди.

1829273
БУУ дан экспорту, ачарчылык жана массалык миграция боюнча эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун  Дүйнөлүк азык-түлүк программасы  Украинанын портторунда сакталган дандардын экспорттоло албашы “глобалдык азык-түлүк коопсуздугуна каршы согуш” экендигин белгилеп, порттор ачылбаса “ачарчылык жана аргасыз массалык миграция” болушу мүмкүн экенин эскертти.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бисли БУУнун штаб-квартирасында дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна көңүл буруу үчүн министрлер деңгээлиндеги жыйында сөз  сүйлөп  : “Президент Путин сизге кайрылам, эгерде  жүрөгүңүз бар болсо бул портторду ачыңыз»,- деди.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш глобалдык ачарчылыктын деңгээли жаңы рекордго карай бара жатканын жана олуттуу азык-түлүк коопсуздугу менен бетме  - бет келгендердин, акыркы эки жылда 135 миллиондон 276 миллионго өскөнүн айтты.

500 миңден ашуун адамдын ачарчылык шартында жашап жаткандыгын белгилеген Гутерриш 2016-жылдан бери бул көрсөткүчтүн 500 пайызга өскөнүн айтты.

Украина жана Россиянын дүйнөнүн буудай жана арпа муктаждыгынын үчтөн бир бөлүгүн, күн карама майына болгон муктаждыгынын  жарымын камсыз кылгандыгын белгилеген Гутерриш Украина портторунан дан экспортунун кайрадан башталышы үчүн Россия, Украина, Түркия, АКШ жана Европа Биримдиги менен тыгыз байланышта экендерин айтты.



Тектеш кабарлар