Байден Филиппиндин жаңы президенти Маркосту куттуктады

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Байден телефон аркылуу сүйлөшкөн Маркосту шайлоодогу ийгилиги үчүн куттуктады.

1825899
Байден Филиппиндин жаңы президенти Маркосту куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Филиппиндеги президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Фердинанд Маркосту куттуктады.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Байден телефон аркылуу сүйлөшкөн Маркосту шайлоодогу ийгилиги үчүн куттуктады.

Байден Маркоско жаңы мезгилде да АКШ-Филиппин карым-катнаштарын күчтөндүрүү ниетин билдирип, эки тараптуу жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Филиппиндердин шайлоо комиссиясынын (COMELEC) расмий эмес маалыматтарына ылайык, Маркос дүйшөмбү күнкү шайлоодо 58,92 пайыз менен жеңүүчү болду. Маркостун эң чоң атаандашы Лени Робредонун добушунун көрсөткүчү шайлоодо 28,11 пайыз бойдон калды.

Шайлоонун жыйынтыгы расмий тастыкталгандан кийин Маркос азыркы президент Родриго Дутертенин ордуна келет.



Тектеш кабарлар