Йеменде ички миграция

Йеменде быйыл үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 5 миң 556ге жетти.

1818107
Йеменде ички миграция

Жылдын башынан бери Йеменде 33 миңден ашуун кишинин жашаган жеринен көчүүгө аргасыз болгону билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык миграция уюму (IOM) тарабынан жарыяланган отчетко караганда, Уюмга караштуу топтор Йеменде быйыл үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон үй-бүлөлөрдүн санынын 5 миң 556ге жеткенин аныктады.

Бул үй-бүлөлөр жалпы 33 миң 336 адамды түзсө, миграция 2022-жылдын башынан 23-апрелге чейин болду.

Иммигранттардын көбү болсо Худейде, Таиз жана Дали шаарларындагы кагылышуулардан улам өз жерлерин таштап кетишти.

Йемендеги Иран колдогон хуситтер 2014-жылдын сентябрынан бери борбор Сана жана кээ бир аймактарды көзөмөлдөп турушат. Сауд Арабия жетектеген коалиция күчтөрү 2015-жылдын март айынан бери хуситтерге каршы Йемен өкмөтүн колдоп келет.

Өлкөдө 7 жылдан бери уланып жаткан кагылышууларда 377 миңге жакын адам каза болду. Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн арасында орун алган Йемендеги жарандык согуштан улам күчөгөн гуманитардык кризис коркунучтуу өлчөмдөргө жетти.



Тектеш кабарлар