Кемеге ок чыгарган аскер 8 жаранды өлтүрдү

Кол салган аскерди аймактын тургундары ур-токмокко алышты.

1815001
Кемеге ок чыгарган аскер 8 жаранды өлтүрдү

Конго Демократиялык Республикасынын Түштүк Киву облусунда кемеге ок чыгарган бир аскер 8 жүргүнчүнү өлтүрүп, 7 жүргүнчүнү жаралады.

Улуттук маалымат каражаттары билдиргендей, мас абалындагы аскер Түштүк Киву облусунун Физи районуна жакын жердеги Танганьика көлүнө бараткан кемедеги жүргүнчүлөргө ок чыгарды.

Кемедеги 8 жүргүнчү каза болуп, 7 жүргүнчү жаракат алды.

Кол салган аскерди аймактын тургундары ур-токмокко алышты.

Дүйшөмбү күнү да Итури облусунда мас абалындагы аскер полиция бөлүмүнүн алдында өзүнүн 3 кесиптешин жана 5 жаранды өлтүргөн.



Тектеш кабарлар