Түндүк Македония орусиялык 6 дипломатты персона нон грата деп жарыялады

Аталган адамдардын дипломатиялык мамилелер боюнча Вена келишимине карама-каршы келген иш-аракеттерди жасагандыгы белгиленди.

1813056
Түндүк Македония орусиялык 6 дипломатты персона нон грата деп жарыялады

Түндүк Македония орусиялык 6 дипломатты "персона нон грата" деп жарыялады.

Түндүк Македониянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Орусия Федерациясынын Скопьедеги элчиси Сергей Баздникиндин Министрликке чакыртылып, 6 дипломатка «персона нон грата» деп жарыялангандыгына байланыштуу дипломатиялык нота берилгени кабарланды. 

Билдирүүдө, тиешелүү мекемелерден алынган маалыматка караганда, аталган адамдардын дипломатиялык мамилелер боюнча Вена келишимине карама-каршы келген иш-аракеттерди жасагандыгы белгиленди.

Министрлик орус дипломаттары 5 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керек деген маалыматты бөлүштү.

Түндүк Македония өткөн айда да орусиялык беш дипломатты "дипломатиялык мамилелер боюнча Вена келишимине каршы иш кылган" деген жүйө менен персона нон грата деп жарыялаган.



Тектеш кабарлар