Түштүк Африкада сел апааты

Сел апаатында каза болгондордун саны 306га жеткени кабарланды.

1812216
Түштүк Африкада сел апааты

Түштүк Африка Республикасынын чыгышындагы КваЗулу-Натал провинциясында болгон сел апаатында каза болгондордун саны 306га жеткени кабарланды.

Аптанын башынан бери өлкөнүн эң чоң шаарларынын бири Дурбан жана айланасында нөшөрлөгөн жамгыр сел жана жер көчкүгө себеп болду.

Жетекчилердин билдиргенине караганда учурда сел кырсыгынан 306 адам каза болду.

Селден көптөгөн имараттар жана инфраструктуралар жабыркап, өлкөнүн эң чоң порту болгон Дурбан портунан жүк ташуулар токтоду.

Жол транспорту коомунун билдирүүсүндө селден улам жолдо  калган жүк ташуучу унааларды бутага алган талоончулар  менен күрөшүү жүрүп жаткандыгы  билдирилди.

Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса бүгүн аймакка жасаган сапарында сел апаатынан жапа чеккен үй-бүлөлөргө өкмөттүн ар кандай колдоо көрсөтөөрүн айтты.

Селден жабыркаган айрым аймактарда электр энергиясы, суу жана таштанды чыгаруу сыяктуу муниципалдык кызматтар башталды.

Түштүк Африканын Аба ырайы кызматы (SAWS) апта бою штаттын айрым жерлеринде мезгил - мезгили менен катуу жамгыр жаашы мүмкүн экенин эскертти.



Тектеш кабарлар