Бучадагы массалык көрүстөндөр

İкинчи массалык көрүстөндөн 8 жарандын сөөгү табылды.

1811775
Бучадагы массалык көрүстөндөр

Украинанын Буча шаарындагы экинчи массалык көрүстөндөн 8 жарандын сөөгү чыгарылды.

Орусиянын аймакты басып алуусу учурунда орус аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн делген жарандардын сөөктөрү чыгарылып, өздүктөрү такталышы үчүн соттук-медициналык мекемелерге жөнөтүлүүдө.

Ыйык Андрия чиркөөсүнүн ички короосунда 4 күн мурун ачылган биринчи массалык көрүстөндүн жанында жайгашкан экинчи мүрзөдөн казыла баштаган сөөктөр ДНК анализи үчүн номурланып, тиешелүү борборго жөнөтүлүүгө даярдалды. 

Сөөктөрдү чыгаруу иштерине өз жеринде көз салган Буча районунун прокурору Руслан Кравченко, биринчи ачылган массалык көрүстөндөн жалпысынан 57 адамдын сөөгүнүн табылганын билдирди.

Өлүктөргө жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында карапайым жарандардын орус аскерлери тарабынан атылгандыгы аныкталганын белгилеген Кравченко: «Бул адамдар эвакуация учурунда набыт болушкан», - деди.

Бүгүн ачылган экинчи көрүстөндөн сегиз адамдын сөөгү чыгарылып, иликтөө иштер уланууда.

Бучадагы массалык көрүстөндөрдөн табылган сөөктөрдүн көбүнүн моюнунда, тизесинде жана дененин башка бөлүктөрүндө коргошундун издери бар.



Тектеш кабарлар