Эфиопия Boeing 737 Max учактарын кайрадан колдонууда
Boeing 737 Max 8 үлгүсүндөгү учак 2018-жылы Индонезияда жана 2019-жылы Эфиопияда кыйрагандан кийин көптөгөн өлкөлөр учакты колдонууну токтотушкан.
Эфиопия 2019-жылдын 10-мартында Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге баруу үчүн учкандан кийин кулап түшкөн жана 157 адамдын өмүрүн алган Boeing 737 Max үлгүсүндөгү учакты кайрадан колдоно баштады.
Жергиликтүү маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда, Эфиопиянын Жарандык авиация башкармалыгы Боинг 737 Макс тибиндеги учактардын ар кандай мекемелер тарабынан кайра сертификатталганын жана 34 авиакомпаниянын кечээтен тарта аларды колдоно баштагандарын жарыялады.
Boeing 737 Max 8 үлгүсүндөгү учак 2018-жылы Индонезияда жана 2019-жылы Эфиопияда кыйрагандан кийин көптөгөн өлкөлөр учакты колдонууну токтотушкан.
Кырсыктарда каза болгондор үчүн кечирим сураган америкалык учак өндүрүүчүсү Boeing, 737 Max үлгүсүндөгү учактардын Маневр Характеристикасын бекемдөө системасы (MCAS) программасын жаңылады.