Украинанын Башкы штабы: «Орусия жаңы чабуулга даярданууда»
Башкы штабдын билдирүүсүндө, Орусиянын жоготкон аскеринин санынын 18600гө жеткени белгиленди.
Украинанын Башкы штабы, орус армиясынын Донецк жана Луганск облустары менен Мариуполь шаарын толук көзөмөлгө алуу үчүн Украинанын чыгышында чабуул операциясына даярданганын билдирди.
Башкы штабдын билдирүүсүндө 24-февралдан баштап Украинага кол салган Орусиянын жоготкон аскеринин санынын 6-апрелдеги маалыматтарга караганда 18600гө жеткени белгиленди.
Орус армиясынын күн ичинде 6 отурукташуу жерине карай жүргүзгөн чабуул операциясынын ийгиликсиз болгону белгиленген билдирүүдө, украин аскерлеринин Херсон аймагындагы Осокаровка отурукташуу жерин кайра көзөмөлгө алганы белгиленди.
Билдирүүдө Орусиянын Донецк жана Луганск облусу менен Мариуполь шаарын толук көзөмөлгө алуу үчүн Украинанын чыгышында чабуул операциясына даярдануу аракеттерин улантып жатканы кабарланды.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.