ЕБ келээрки аптада Орусияга мунай эмбаргосун талкуулайт
Боррель НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын кире беришинде сөз сүйлөдү.
Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин келерки аптада санкциялардын орус мунайына карата эмбаргону камтыйбы же жокпу деген маселени талкуулай турганын билдирди.
Боррель НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын кире беришинде сөз сүйлөдү.
Жакынкы күндөрдө Украинага бара турганын түшүндүргөн Боррель: «Украинага аз да болсо алкыш жана көбүрөөк курал керек»,- деди.
Европа Биримдигинин акыркы санкциялар пакетин бүгүн бекитүүсүн күткөнүн билдирген Боррель, мунай эмбаргосу темасынын 11-апрелдеги тышкы иштер министрлер жыйынында карала турганын белгиледи.
Евробиримдик мурунку күнү Орусиядан көмүр сатып алууда жылына 4 миллиард евролук импортко тыюу салаарын жарыялаган.