АКШ менен Тайвандын ортосунда Patriot келишими

95 миллион долларлык курал келишимине кол коюлду.

1808283
АКШ менен Тайвандын ортосунда Patriot келишими

АКШ менен Тайвандын ортосунда 95 миллион долларлык курал келишимине кол коюлду.

АКШнын Коргонуу Коопсуздук Кызматташтык Агенттиги (DSCA) кечээки билдирүүсүндө, келишимдин Patriot абадан коргонуу системаларын техникалык жана жабдык менен камсыз кылуу үчүн экенин билдирди.

Тайвандын Коргоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө да келишимдин АКШ менен болгон карым-катнаштын күчтүүлүгү жагынан маанилүү экени айтылды. 

Тайвань февраль айында Patriot абадан коргонуу системаларын камтыган АКШ менен дагы 100 миллион долларлык келишим түзгөн.



Тектеш кабарлар