Германиянын орус дипломаттарын депортациялоо чечими
Тышкы иштер министри Анналена Баербок билдирүү жасады.
Немис өкмөтү Украинанын Буча шаарындагы жайкын тургундардын өлүмүнөн кийин Орусияга жооп иретинде көптөгөн орус дипломаттарын "персона нон грата" деп жарыялады.
Тышкы иштер министри Анналена Баербок Твиттердеги билдирүүсүндө, Бучадагы фотосүрөттөрдүн бардык чектен ашкан «жок кылуу» эркине күбө болгонун жана ушул себептен Орусиянын элчилигинин маанилүү сандагы кызматкерлерин "кааланбаган адам" деп жарыялашканын айтты.
Немис басылмалары "персона нон грата" деп жарыяланган орус дипломаттарынын санынын 40 экенин, 5 күндүн ичинде Германиядан чыгып кетүүсү талап кылынганын жазып чыгышты.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.